У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоо -2022. БШК биринчи талапкерлерди каттады


     БШК Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 32 талапкердин  ичинен төртөөнү каттады.
 
Талапкерлердин күбөлүгүн Эльвира Сурабалдиева (Биринчи май району), Нурбек Токтакунов (Биринчи май району), Улукбек Тургунбаев (Свердлов) жана Бакыт Бакиров (Свердлов) шайлоо өнөктүгү учурунда кол тийбестик менен бирге алышканы көрсөтүлгөн.
 
БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, биринчи каттоодон өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертет.
 
7-февралга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Бир мандаттуу эки округда - Биринчи май жана Свердлов округунда кайталап шайлоо 27-февралда өтөт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter