У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкты


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
 
Мурдараак маалымдалгандай, Жогорку соттун 2021-жылдын 23-июнундагы чечими менен Дүйшөнбек Зилалиевге карата Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.
 
Бул өкүмдөр менен Д.Зилалиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары (мыйзамсыз баюу) менен соттолгон. Бирок Жогорку Соттун чечими менен кылмыш иши өкүмдөрдүн жокко чыгарылышына алып келген процессуалдык мыйзам бузууларды эске алуу менен соттун башка курамында Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter