Казакстанда Назарбаевдин эки күйөө баласы кызматынан бошотулду
- 15.01.2022, 16:37,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Самрук-Казына» фонду Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы Димаш Досанов жана Кайрат Шарипбаев кызматтан алынганын билдирди.
"КазТрансОйлдун" жетекчиси Димаш Досановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу «Самрук-Казына» фондунун сайтында маалымдалды. Назарбаевдин тун кызы Дариганын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев болсо "QazaqGaz" улуттук компаниясынын жетекчиси кызматынан алынды.
Алар өзү жазган арыздын негизинде кызматтан алынган.