У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик «учак менен вирус чачып жатат» деген видео тууралуу билдирүү таратты


 Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти учактан коронавирустун омирон штаммынын чачылганы тууралуу тараган видео жалган экенин билдирди.
 
"Күндүн ультракызгылт нурлары вирусту өлтүрөт, ушундан улам коронавирус инфекциясын чачып жатышат деген кабар жалган. Вирус жуккан адам өзүнөн бир метр аралыктагы кишиге чүчкүрсө, жөтөлсө аба аркылуу жугат. Бөлмөнү желдетпөө, тазалыкты сактабоо да вирустун көбөйүшүн шарттайт", - деп билдирди министрлик.
 
Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын декабрь айынын аягында Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда коюу туман байкалып, көрүү узактыгы 200 метрге жетип, учуу жана кабыл алуу графиги үзгүлтүккө учураган. 
 
Буга байланыштуу учак 1800-7000 метр бийиктикте шаардын үстүнөн айланып, конууну күтүүгө аргасыз болгон же башка аэродромдорго багыт алган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter