У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматы: Бишкек жана Ош аэропортторунда тажик жарандары кармалууда деген маалымат чындыкка дал келбейт


 Укук коргоочу Валентина Чупик жарыялаган видео материалда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт жана видеодо улуттар аралык кастыкты козутуу аракети бар. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Белгиленгендей, укук коргоочунун видеосу YouTube каналына «Тажикстандын жарандары Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда кармалышууда, аларга карата ар кандай кысымдар көрүлүп жатат», - деген аталышта жарыяланган.
 
«Тажик тарап Кыргызстандын аймагына биринчи болуп ок чыгарганына карабастан, Эл аралык укуктун бардык нормаларын сактоо менен, Кыргызстандын аймагындагы тажик жарандарынын коопсуздугун камсыз кылат. Жарандарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү жарандыгы, улуту, расасы жана улутуна бөлбөй жалпы тартипте жүргүзүлөт», -деп билдирди мекемеден.
 
Ошондой эле Чек ара кызматы чек арадагы окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулганын, бирок Тажикстандын жарандарынын өз мекенине баруусун камсыздаган атайын маршрут уюштулуганын белгиледи. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter