У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанга аскер жөнөтүүгө каршы добуш берген депутаттардын тизмеси…

   
Жогорку Кеңеш Кыргызстандык аскерлерди ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясынын курамында Казакстанга жөнөтүү маселеси боюнча кезексиз добуш берүүнүн жыйынтыгын депутаттарга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине бир катар депутаттар билдирди.
 
 Алардын айтымында, жыйын жабык эшик артында өтүп жатканына токтолуп, парламент аппараты добуш берүүнүн жыйынтыгын басып чыгаруудан баш тартууда.
 
«55 депутат биринчи жолу добуш берди. Андан кийин алардын саны көбөйдү. Мен жеке өзүм каршы добуш бердим», - деди Исхак Масалиев.
 
Мындан сырткары Султанбай Айжигитов, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Динара Ашимова, Сейдбек Атамбаев жана Эрулан Көкүлов (жети депутат) каршы добуш беришти. Калган депутаттар президент Садыр Жапаровдун чечимин колдошкон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter