У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Султанбай Айжигитов: Жол курула турган болсо, анда Ворухка коридор өтөт


«Ворух» анклавына Капчыгай аркылуу салына турган жолду өтө чоң катачылык, такыр туура эмес, түшүнүксүз иш катары баалады Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов. 
 
Анын айтымында, жол курулары менен, анын бир бети Баткен районун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, экинчи жагы башка анклав болуп калуу коркунучу бар экенин, ошондой эле тажик тарап бара-бара кысым көрсөтүү менен элди чыгарып, коридордун күн батыш жагын толук өзүнө ээлик кылып алышы мүмкүн экенин Маралга берген маегинде эскертти.
 
 «Эгерде жол курула турган болсо, анда коридор өтөт. Демек Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, ары жагы экинчи анклав болуп калат. Ошол жакты тажиктер улам кысып отуруп, элди чыгарып салышат да, өздөрү ал жерди ээлеп алышат. Бул стратегиялык жактан алып караганда аябай туура эмес нерсе, себеби абдан көп коркунучтар бар. Бардыгы эле айтып жатышат, аларга ишенбөө керек деп, чынында эле аларга ишенип болбойт азыр. Азыр коридор курулары менен элге ошол замат сезиле баштайт, ал тургай курулуп жатканда эле сезилип баштайт. Чоң ыңгайсыздык жаратат, эл көнбөйт, анын кесепетинен эл кайра көтөрүлүп, тополоң башталат. Андан көрө жөн гана Ворухка тоскоолдуксуз өтө тургандай кепилдик берип коюшу керек болчу. Кыргызстан бул жерде бардык жолдон уттурат, эч кандай пайда болбойт бизге, бир тыйын да пайдасы жок, бир гана зыян», — деди Айжигитов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter