У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМдин Ички аскерлеринин командири кармалды


Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командири Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу 21-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Аскердик прокуратура аны 20-декабрда камакка алган.
 
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, ал 33,9 миллион сом уурдоо фактысы боюнча кармалган.
 
Буга чейин Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан акча каражатын ысырап кылуу боюнча коррупциялык схема аныкталганы тууралуу маалымат тараткан. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жеке курамдын муктаждыктары үчүн тамак-аш жана кийим-кече сатып алууга бюджеттик каражат 33 миллион 946 миң 866 сом мыйзамсыз түрдө фронттук фирмалардын эсебине которулганы жана алардын эсебине түшкөнү аныкталган. 
 
Ошондой эле бул иш боюнча ИИМдин Ички аскер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Талантбек Жоробеков кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter