У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ленин акимиатынын башчысы «Эмгек» партиясын бюджеттен каржылаган деген шек менен кармалды


 Бишкек мэриясынын райондук администрациясынын башчыларынын бири бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
 
Белгиленгендей, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчыларынын бири Ч.Ч.Кылмыш-жаза кодексинин «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки процесстин алкагында кармалган.
 
Кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергендиги аныкталды. Маалыматтарга караганда, бюджеттик каражат Бишкектеги турак жайлардын бирин жакшыртууга багытталган.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Сөз «Эмгек» партиясы жөнүндө болуп жатканын айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.  Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик округундагы кызмат адамына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205, 320-беренелери «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгону айтылды. Ал эми Ленин районундагы кызмат адамы Чынасыл Чыныбаев экени божомолдонууда.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter