У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаал боюнча билдирди


Өлкөдө коопсуздук абалы жакшы, кооптонууга эч кандай негиз жок. Бул тууралуу журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. 
 
 Анын айтканына караганда, чек ара тилкелеринде гана 3-4 күндөн бери кооптонуу пайда болуп, бирок алар оперативдүү иштер менен аяктайт. 
 
«Кечээ кечинде Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арачылары, ошондой эле жергиликтүү бийлик башчыларынын катышуусунда жыйын өтүп, түнкү саат бирде аяктады. Анткени ок атылып, кыргыз тарап - бир адам, тажик тарап бир адамды өз аймагына алып кеткен. Аларды алмаштыруу жана коопсуз сактоо иштери жүрүп жатат. Азыр чек ара бекем, чек ара бузулган жок, бирок кооптонуу бар», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter