Бир мандаттуу округдан дагы 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
- 23.11.2021, 14:03,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 23-ноябрда бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катышуудан баш тарткан 3 талапкердин арызын карады.
Шайлоого катышуудан баш тарткан үч талапкер:
- Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич — №21 Талас шайлоо округу;
- Маматалиев Нурбакыт Мухтарович — №7 Ош шайлоо округу;
- Саяк кызы Элзат - №33 Нарын шайлоо округу.
28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча 288 талапкер жана 21 партия катышууну улантууда.