У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир мандаттуу округдан дагы 2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты


Бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан дагы эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу 26-октябрда БШКнын жыйынында белгилүү болду.
 
Алар:
- №2 Баткен шайлоо округу боюнча талапкер- Исламбеков Белек Мамасалиевич;
- №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча - Асылбек уулу Дамирбек.
 
Эске салсак, 26-октябрга карата БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 19 талапкерди каттоодон баш тартты, ал эми 24 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу БШКга кабарлашты.
 
Дамирбек Асылбек уулу жана дагы 11 адам, анын ичинде экөө кыргызстандык 2018-жылы Казакстанда кармалган. Ал Казакстанда аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топ түзгөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган.
 
2019-жылы Казакстан аны жазасын мекенинде өтөө үчүн Кыргызстанга өткөрүп берген. Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына жөнөтүлгөн. Ал 2019-жылдын 15-ноябрында эркиндикке чыкан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter