Прокурордун орун басары Алтынбек Айдаров 17-январга чейин камакка алынды
- 22.11.2021, 16:08,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров 2022-жылдын 17-январына чейин камакка алынды. Тиешелүү баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалган.
Айдаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске сала кетсек, Алтынбек Айдаров жакында укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң доллар пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Кармоо учурунда алар прокурордун орун басарынан опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн - 200 миң сомдон ашык акчаны табышкан.