У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элчибек Жантаев мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды


Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
 
Дагы бир документ менен Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду.
 
Элчибек Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл районунун Ак-Чий айылында туулган. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча жогорку билими бар.
Эмгек жолун 2002-жылы 2009-жылы өзү жетектеген Ак-Чий айыл өкмөтүндө статист-экономист болуп иштөөдөн баштаган.
 
2013-2014-жылдары - жергиликтүү кеңештин төрагасы;
2014-2018-жылдары Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары;
2018-2020-жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2020-жылы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
 
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter