У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Коргоо министрлигинин ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды


 Кыргызстандын Коргоо министрлигинин ЖККУдагы өкүлү Бердибек Асанов чакырылып алынганын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
 
Асанов 2021-жылдын май айында Москвага жөнөтүлгөн. Ал ЖККУнун Бириккен штабынын башчысынын орун басары болгон.
 
Министрдин айтымында, Асановду дайындоодо да катачылыктар кетирилген.
 
«Кээ бир учурлар укуктук талаадан чыгып кетти. Коопсуздук кеңешинен Коргоо министрлигине анын талапкерлиги жактырылбаганы тууралуу маалымат келген. Ошого карабастан ал кызматка жиберилди. Коопсуздук кеңеши жогорку орган, ошондуктан биз бул пункттарды сакташыбыз керек”, - деп түшүндүрдү Бекболотов.
 
Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бактыбек Молдобаевдин айтымында, 2009-жылы Б.Асановго кылмыш иши козголуп, Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен ал 2 жылга кесилген.
 
«Аскердик соттун чечими менен иш Коргоо министрлигинин жетекчилигине өткөрүлүп берилген», - деди ал.
 
Бердибек Асанов ээлеген кызматтын категориясында офицердин репутациясы мыкты болушу шарт. Аны жөнөтүүдө бул учурлар эске алынган эмес, деп билдирди ал.
 
«Андан кийин биз Коопсуздук кеңешинен кат алдык. Ушул каттын негизинде Б.Асановду чакыртып алдык», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter