У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматтан алынды


Кожобеков Кудайберди Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
 
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кожобеков президенттин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбаганы үчүн кызматынан бошотулду.
 
Аталган чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы №1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter