У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айгул Жапарова партиялардын бирин каржылап жатабы? Президенттин өкүлүнүн жообу…


 Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылап, шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
 
«Биз мамлекет башчысынын жакындарынын саясий жана мамлекеттик иштерге катышуусуна карата позициясын бир нече жолу белгилегенбиз. Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, президент өзүнүн жакын туугандарынын саясий процесстерге кийлигишүүгө жана аларга таасир этүүгө жол бербейт», - деди ал.
 
Буга чейин социалдык тармактарда мамлекет башчынын жакын туугандарынын шайлоо процессине кийлигишип жатат деген маалыматтар талкууга алынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter