У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров мектептердин ата-энелерден акча чогултуу демилгесине каршы


 Президент Садыр Жапаров билим берүү мекемелеринин ата-энелерден акча чогултуусуна караманча каршы. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
 
Анын айтканына караганда, президент мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келе турганын айткан.
 
Ошондой эле кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбей турганын, тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп каларын билдирген.
 
«Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин сөздөрүндө бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл.
Президент Садыр Жапаров окутуунун заманбап ыкмасын колдонуу менен билим берүү тутумун өркүндөтүп, аны эффективдүү кылуу керектигин көп жолу баса белгилеген. Ошол эле учурда башталгыч жана жалпы орто билим алуу баарына бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу керек», — деп айтты Эрбол Султанбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter