У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузакта шайлоо комиссиясынын башчысы шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын чогулткан


 БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын №2017 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Мырзаевдин үстүнөн арыз келип түшкөн.
 
Арыз ээси Н.Калдар уулу белгилегендей, УШКнын башчысы эл каттоо жүрүп жатат деген шылтоо менен Эсенов көчөсүндө жашаган тургундарга барып, шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын чогулткан. Муну менен катар М.Мурзаев калкты каттодон ар бир жаран милдеттүү түрдө өтүшү керектигин жана паспортторун жаздырууга милдеттүү  экенин айткан.
 
Арыз ээси УШКнын төрагасынын аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнөт.
 
Учурда бул арыз текшерилүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter