У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШКга талапкер Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн арыз түштү


 БШКга депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкуловдун аракеттери боюнча арыз түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалды.
 
Маалым болгондой, 24-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылынын ипподромунда «Көк-бөрү» ат оюндары боюнча биринчилик өтүп, ага тогуз команда катышты.
 
«Иш-чарага Жайыл шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов катышты. Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, көк бөрүчүлөр федерациянын атынан мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом, медаль, грамоталарды, ал эми өз атынан уюштуруучулардын бири тай берди», - деп айтылат маалыматта.
 
Бул фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter