У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилди


Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов парламенттик шайлоо бүткөнгө чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
 
Ага ылайык, райондун башчысы ээлеген кызматынан бошотулуп, Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.
 
«Мындан ары кайсы бир аким, министр кайсы бир талапкерге же партияга үгүттөсө, экинчи жумушка алынбай турган берене менен, ишенимден кеткендиги үчүн жумуштан кетет», - деди Акылбек Жапаров.
 
Белгилей кетсек, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында дүйшөмбү күнү райондун биринин акими партиянын кызыкчылыгын көздөгөндүгү үчүн кызматтан алынарын айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter