Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды
- 22.10.2021, 13:28,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Нарын шаарынын мэрин шайлашты. Мэрлик кызматка 31 жаштагы Арслан Сталбек уулун шайланды. Бул тууралуу шаардык кеӊештин депутаттары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэрлик кызматка эки талапкер болгон - Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков ат салышкан. Жашыруун добуш берүү менен Сталбек уулу 16 добушка, анын атаандашы – 14 добушка ээ болгон. Бир депутат баарына каршы добуш берген.