У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биринчи орун бир жарым миллион сом: Мыкты айыл өкмөттөр сыйланды


 
Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеӊүүчүлөрү сыйланды.
 
Сыйлыктар президент тарабынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде тапшырылды. 
 
Сынак жергиликтүү бийлик органдарынын ишин стимулдаштыруу максатында өткөрүлдү. 
Айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп тандалган. Биринчисине шарты ыңгайлуу айыл өкмөттөр, экинчиге шарты катаал айыл өкмөттөр кирет.
 
Биринчи топтун арасынан сыйлыкка ээ болгондор:
I орун — Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;
II орун — Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;
III орун — Баткен облусундагы Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү, 500 миң сом;
 
Экинчи топтун арасынан сыйлык алгандар:
 
I-орун — Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;
II орун — Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Атай айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;
III орун — Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтү, 500 000 сом.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter