Эмил Туленбаев Ош шаардык мэриясына кызматка дайындалды
- 20.10.2021, 12:09,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон буйрукка ылайык Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Мухтар-Али Жеӊишбекович берген арызынын негизинде өз калоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми бул кызматка конкурс өткөнгө чейин убактылуу Эмил Туленбаев дайындалды.
Эске салсак, Ош шаардык мэриясынын 2021-жылдын 30-сентябрында өткөн коллегиялык жыйынында муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланууну жетиштүү көзөмөлгө албаганы үчүн Ош шаарынын вице-мэри Азимовго эскертүү берилген.