У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды


Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызынын негизинде борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Буга чейин ал жер ресурстары департаментин жетектеген", - деп жазылат билдирүүдө.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter