У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чынара Мамажакыпова: Инвестиция тартууда мамлекеттин кепилдиги керек…


Кыргызстанда билимдүү, лидерлик сапатка ээ, иштин көзүн билген, өз эмгек жолунда опол тоодой ишти бүтүргөн саясатчы, коомдук ишмерлер жана ишкер айымдар көп. Алардын ар бири жөнүндө бүтүндөй бир китеп жазса да болот. Алардын бири Чынара Мамажакыпова. Чынара Мамажакыпова эл аралык мамиледе, тактап айтканда инвестиция тартууда чоӊ тажрыйбага ээ. Биз Чынара айым менен дал ушул инвестиция темасында чакан маек курдук.

-Кыргызстанга инвестиция тартса болобу?
-  Бүгүнкү күндө дүйнөдө чет элдик капитал үчүн чоң атаандаштык жүрүп жатат. Өнүгөм деген ар бир өлкө өз тарабына инвестиция тартууга бардык аракеттерди көрүүдө. Биз дагы алардан калбай өз өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн инвесторлорду кызыктырып, өлкөбүзгө алып келишибиз керек. Аларга болгон шартты түзүү зарыл. Анткени инвестиция элдин жашоо-шарттын оӊдойт. Бул деген жаӊы келген иштерлердин арты менен ишканалар ачылат, эл жумуш менен камсыз болот. Чет элдиктер ачкан ишканаларда эмгек акылар да жогору, салык төлөнөт. Мамлекетке да чоӊ пайда келет. 

Бизде инвестиция тартууга толук потенциал бар. Мен өз тажрыйбамда бул нерсени көрө алдым. Буга чейин бир катар инвесторлор менен иштештим. Алардын пикирин уктум, тажрыйба алмаштык. Мына ошол иш тажрыйбамдын негизинде мамлекетке чоӊ пайда алып келе турган инвестиция тартуу идеялары пайда болду. Муну ишке ашырса болот. Буга менин билимим да, тажрыйбам да көзүм да жетет. Эң башкысы инвестицияга мамлекеттин кепилдиги керек экен. Мамлекет гарант болуп берсе, чоң-чоң инвесторлор менен иштешсеӊ болот.
- Эмнеге инвесторлор Кыргызстанга инвестиция салышпайт?
- Дүйнөдөгү көптөгөн өнүккөн өлкөлөр тышкы инвестициянын жана туризмдин аркасы менен ийгиликке жетишти. Туризм жана өндүрүш өлкөнү алдыга сүйрөйт, өнүктүрөт. Биз өнүгүүгө жана инвестиция тартууга аракет кылып жатабыз, бирок андан майнап чыкпай жатат. Азыр биздеги өндүрүшкө инвестиция салууга даяр болгон чет элдик инвесторлор дээрлик калган жок. Анткени алар биздин өлкөнүн келечегин, потенциалын көрүшпөйт. Баарына биздеги коррупция күнөөлүү.

Мен инвесторлор менен сүйлөшүп, аларды Кыргызстанга алып келгенде керектүү адамдар менен жолугушууларды уюштурам. Биздикилер өлкө кызыкчылыгынан мурда жеке кызыкчылыгын көздөшөт. Сүйлөшүүнүн биринчи этабында эле «Менин үлүшүм канча болот?»-деген суроону беришет. Бул суроо инвесторлордун жүрөгүн түшүрөт, алар эч нерсеге карабай качышат. Биздин чиновниктердин алкымынын чоӊдугунан улам канчалаган инвесторлор коңшу өлкөлөргө инвестор болушту. Азыр алар өнүгүп жатышат…



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter