Тайырбек Сарпашев кайра кармалып, тергөө абагына киргизилди
- 14.10.2021, 15:53,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы биринчи вице -премьер -министр Тайырбек Сарпашев кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, Сарпашев жаңы кылмыш иши боюнча тергөө абагына киргизилген.
Эске сала кетсек, 18 -июнда Тайырбек Сарпашевдин УКМК тарабынан КР Кылмыш -жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кармалганы белгилүү болгон. Ал канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташкан деп айыпталган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 31 -июлга чейин камакка алган, бирок 29 -июнда ал эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.