У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Караколдо милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды сабоого шектелүүдө


 Каракол ШИИБдин үч кызматкери кош бойлуу аялды сабады деп айыпталууда. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө жүктөлгөнү такталды.
 
«КРнын Акыйкатчысына Г.А. аттуу келин жардам сурап кайрылган. Ал Каракол ШИИБнин эки ыкчам кызматкери жана тергөөчүсү кол салып сабаганын билдирген. Ал учурда кош бойлуу болуп, бешинчи айында боюнан түшүп калган. Арыздануучунун айтымында, 5 -августта милиция кызматкерлери аны кармап, сабап, муунтуп башташкан, андан кийин аны талаага алып барышып, сабоону улантышкан, курсагына тепкилеп, өлтүрөм деп коркутушкан. Аял кылмышкерлер тийиштүү жазасын алышы үчүн жардам сурайт», - деп айтылат маалыматта.
 
Акыйкатчы өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жолдошту. Көзөмөл органы жаран Г.Анын арызы боюнча жооп берди. 
 
Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" беренеси боюнча башталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter