У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта өгөй ата 13 жаштагы өгөй кызын үч жыл бою зордуктап келген


     
Таласта өгөй ата 13 жаштагы өгөй кызын үч жыл бою зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Акыйкатчынын  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы аппаратынына Нуржигит аттуу жаран чалып, Талас облусунун Талас районунда жашы жетелек кыз өгөй ата тарабынан зордукталып, кыздын 5 айлык боюнда бар экени, бирок жергиликтүү милиция кызматкерлери учурда ал кишини таппай жатканын, кыз менен эненин ортосунда мамиле бузулгандыктан, кыз суицидке барбаш үчүн ага психологиялык жардам керектигин айтып телефон чалган.

Акыйкатчы аппаратынын Талас облусунун өкүлчүлүгү кыздын апасы менен байланышканда, маалымат чын болуп чыкты. 
Кыздын энеси 2021-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) арыз жазган.

Ал арызында 1971-жылы туулган жолдошу Б. Б. менен 2014-жылдын 10-майында баш кошуп, ортодо эки балалуу болушканын айткан. Мурунку күйөөсүнөн үч баласы бар. Күйөөсү Б.Б. уруп-сабаганына карабай чыдап жашап жүргөн. 2017-жылы кичүү баласынын жүрөгү ооруп, тез арада Корея мамлекетинде операция жасатыш керек болуп, 2019-жылы «Кызыл Ай» коомунун жардамы менен баласынын жүрөгүнө операция жасатканы Корея өлкөсүнө кеткенде күйөөсү Б.Б. биринчи никесинен төрөлгөн ошол кезде 13-жаштагы кызын зордуктаган. «Бирөөгө айтсаң апаңды, эки биртууганыңды өлтүрүп койом», – деп коркуткан. 3 жыл үйдө эч ким жок кезде пайдаланыпэкени аныкталган. Кыз энесине баарын айтып берген. 

Милицияга арыз жазгандан кийин күйөөсү качып кеткен. Милиция кызматкерлери азыркы күнгө чейин аны табыша элек. Кыздын энеси милиция кызматкерлери бул ишке кайдыгер мамиле кылып жатканын айткан.

Учурда арыз акыйкатчынын көзөмөлүнө алынды. Талас райондук тийиштүү укук коргоо органдарына тергөөнү дыкат жүргүзүү өтүнүчү менен кат жиберилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter