У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы депутат Кубанычбек Нурматов эки айга камалды

 
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовду эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 23 -сентябрда Биринчи Май сотунун басма сөз кызматынан билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, чечим 22 -сентябрда кабыл алынган. Тергөөнүн алкагында Нурматов 20-ноябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында болот.
 
Мурдагы депутат 20 -сентябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Нурматов алдамчылыкка шектелүүдө.
 
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2013 -жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда Нурматов 500 миң доллардан ашык мүлктү ээлеп алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter