Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды
- 20.09.2021, 16:12,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргызстан» саясий партиясынын мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелүүдө.
«Тергөө учурунда ЖКнын мурдагы депутаты алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер алынды. Ал 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлкккө ээлик кылып алган», - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин белгиледи.