Бишкекте курал жана ок-дарылар катылган жер табылды
- 09.09.2021, 14:00,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 9-сентябрда УКМК Бишкектен курал-жарак жана ок-дары катылган жерди тапты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, курал-жарак табылган жерден бир даана Ф-1 жарылуучу зат, 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана ПМ маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча алынды. Алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу топторго таандык болушу мүмкүн экени айтылды.
Учурда курал-жарак катылган жерди уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат