Жетинчи чакырылыштын депутаттары январда мандат алышат
- 08.09.2021, 10:42,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарат.
БШК алдын ала маалыматтар 18 -декабрга чейин болорун тактады.
БШКда түшүндүрүлгөндөй, январь айынын биринчи жарымында жетинчи чакырылыштын депутаттары мандат алышы керек.
Шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.