У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талибдер каршылык акциясына чыккандарга карата ок чыгарды


Нангархар провинциясында Ооганстандын мамлекеттик желегин коргоо үчүн чыккан акциянын катышуучуларын аткылоонун натыйжасында эки адам каза болгонун Al Jazeera телеканалы кабарлады.
 
Телеканалдын маалыматы боюнча, демонстранттар талиптердин аракеттерине каршы болуп, имараттардагы "Афганистан Ислам Эмиратынын" ак желегинин Ооганстандын мамлекеттик желеги менен алмаштырышкан. Аянттардын биринде талибдердин ак желегин чечип, мамлекеттик желекти илишкен. Андан кийин демонстранттар менен талиптердин ортосунда кагылышуу чыккан.
 
Pajhwok Афганистан жаңылыктары сайты жарыялаган кадрлардан акцияга ондогон адамдар катышканы көрсөтүлгөн. Агенттик демонстранттарга ок атылганын да кабарлады. Кошумчалай кетсек, бир нече тележурналист сабалды, деп жазат Pajhwok ооган жаңылыктары Твиттерде. Ондогон адамдардын катышуусунда ушундай эле нааразычылык акциясы Хост провинциясында өттү.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter