У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Бишкектеги 150 ооган студенти үчүн окуу акысын төлөөгө даяр


 Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Култерди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
 
Руслан Казакбаев америкалыктарга казак тарап менен биргеликте Ооганстандан 15 кыргызстандыкты коопсуз түрдө эвакуациялоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Сирия менен Ирактан келген кыргыздар болгон балдарды жана аялдарды биргеликте эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн табуу темасына токтолду.
 
Америкалык тарап кыргыз тараптын Ооганстандын жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын ушул этапта Бишкектеги Америка университетинде 150гө чейин ооган студенттерин каржылоого даярдыгын жарыялады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter