У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алат


Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстанга "качкын" макамын сурап кайрылгандар боло элек. Эгер ооганстандык жарандар Кыргызстандын чек арасына келсе өлкө аларды кабыл алууга милдеттүү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин астындагы качкындар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова айтты. 
 
Маалыматка ылайык, Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен улуттар уюмунун конвенциясында мүчөлүк кылат. Буга байланыштуу качкындарды кабыл алууга милдеттүү.
 
"Ооганстанда кырдаал курчугандан бери бизге "качкын" макамын сурап кайрылгандан боло элек. Бирок бизге да качкындар өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар. Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурун кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда",-деди ал. 
 
Анын айтымында, Өзбекстан менен Тажикстанда качкындар көбүрөөк болот. Эгер Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши мүмкүн.
 
16-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр экенин билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter