У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үч күндө айдоочуларга 1,5 миллион сомдук айып салынды


Бишкекте үч күн ичинде мас айдоочуларга 1 миллион 575 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
«Бахус» рейди 30 -июлдан 1 -августка чейин жүргүзүлгөн. Анын максаты мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо болгон. Жыйынтыгында мас абалында унаа айдап бара жаткан 90 айдоочуга айып пул салынды.
 
Ошондой эле терезесин мыйзамсыз караңгылатылган жети унаа жана документтери жок 143 айдоочу аныкталган.
Мындан тышкары 2399 башка мыйзам бузуу катталган, 289 унаа айып короосуна киргизилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter