У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ленин РИИБинин башчысынын орун басары мас абалында чыр салып, кесиптешинин мурдун сындырды


Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары Талгат Өскөналиев мас абалда чыр салып, мушташ чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда АКИpress агенттигине күч органдарындагы өздүк булактары билдирди.
 
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Талгат Өскөналиев мас абалында чыр салып, бир кесиптешинин мурдун сындырды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, окуя Бишкекте 21-февралга караган түнү болгон. Талгат Өскөналиевдин унаасын Патрулдук милиция кызматкерлери токтотушкан. Айдоочу мас абалында болгон. Өскөналиев документтерди көрсөтүүдөн баш тарткан. Патрулдук милиция кызматкерлери менен Өскөналиевдин ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткен. 
 
Патрулдук милиция кызматкерлери Ленин РИИБдин башчысынын орун басарын наркологиялык клиникага алып барышкан, бирок ал жерде текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөн. 
 
Натыйжада, окуя болгон жерге ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери келишкен. Өскөналиев дагы алар менен мушташкан. Алардын биринин мурунду сынган. Ал учурда ооруканада экени айтылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter