У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун колдошту


 
Жогорку Кеӊештин депутаттары Гүлшат Асылбаева демилгелеген “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырышты. Мыйзам долбоору бүгүн 28-июлда кайра добуш берүүгө коюлду. Добуш берүүнүн натыйжасында мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын 97 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берди. Жалпысынан 102 депутат каттоодон өткөн.
 
30-июнда Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун четке каккан. Добуш берүүнүн натыйжасында мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын 59 депутат колдоп, 38 депутат каршы добуш берген эле. Жалпысынан 97 депутат каттоодон өткөн. Мыйзам долбоору кабыл алынган эмес. 
 
«Мыйзам долбоору четке кагылды деп айтуу туура эмес. Биз буга чейин мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алып, президенттин кол коюусуна жибергенбиз. Биз макулдашылган вариантты гана талкууладык, эми аны карайбыз. Эгерде макулдашылган вариант экинчи жолу өтпөй калса, анда Жогорку Кеңештин үч окууда кабыл алган түп нускасы, президент тарабынан кабыл алынат», - деди ал жана мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө коюуну суранды.
 
Анын сунушун 95 депутат колдоп, мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлду.

 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter