У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Россия орус тилинде окута турган мектептерди куруу маселесин талкуулады


  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Жолугушуунун негизги темасы - Кыргызстанда орус тилинде окута турган биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарынын курулушу, түзүлүшү жана иштеши.
 
Мындан тышкары, эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунда Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн квоталардын санын көбөйтүү, ошондой эле жаштарга маданий билим берүү маселелеринде өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter