У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мас абалында жумушка келген судья Дамирбек Оңолбеков кызматтан бошотулду


 
Президент Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун судьясы Оңолбеков Дамирбек Мадылбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
 
«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду», - деп билдирди 3-июлда президенттин басма сөз кызматы.
 
7-июнда президент Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин мүчөлөрүнө Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалында жумушка келген видеосун көрсөткөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter