Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбеков чуулгандуу видео боюнча маалымат берди
- 07.06.2021, 16:39,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
«Мен актанбайм, бирок бир нерсени айтып коеюн. Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин отурумунда көрсөтүлгөн видео 2020-жылдын 4-июлунда, ишемби күнү тартылган (ишемби жумуш күнү эмес). Ошол күндөрү оор учурлар болду, кесиптештеримдин көпчүлүгү коронавирус менен оорушту... Ал эми күн сайын жумушка мас болуп келет деген чындыкка жатпайт, бул мүмкүн эмес. Ушул жагдайды президентке ушул жагынан көрсөткөндөргө ден-соолук каалайм», - деп сөзүн жыйынтыктады Дамирбек Оңолбеков.
Бүгүн, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отуруму өттү. Кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып президент Чүй облустук сотунун төрагасы жумушуна мас болуп келген видео көрсөттү.