У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусунда чек ара маселеси айтылды


 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматындагы жолугушуу учурунда чек арадагы жаңжал туурасында сөз болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

"Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз", - деп билдирди ал.

Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деп баса белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.







Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter