Кыргызстан Түркмөнстандан газ, электр энергиясын алат
- 29.06.2021, 09:03,
- Саясат / Экономика
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен
бир катар документтерге кол коюлду.Биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүлмөй болду.
Президенттер андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашты.