Лизингге- такси, автобус алууга шарт түзүлөт
- 25.06.2021, 09:37,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекке өнүгүү керек!"Өнүгүү-Прогресс" №15✅ Туура тандоо!Шаарыбыздын негизги проспекттилеринде заманбап жогорку ылдамдыктагы автобус линияларын куруу учур талабы. Жолдогу тыгындарын азайтуу багытында көп кабаттуу парковкалардын курууну ишке ашырабыз.
Анткени, шаардыктарга жана шаарга келген конокторго ыңгайлуу шарттардын бири транспорт болушу керек. Бул үчүн такси жана автобус үчүн – лизинг деген программа иштеп чыктык. Троллейбустарды, газ менен жүргөн автобустарды, таксилерди лизинг аркылуу алгыдай мүмкүнчүлүк түзүп берүү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башкы максаты.
Такси кызматын аткарган машиналар бир түстө болот. Таксисттер автоунааны ижарага албастан, өз машинасы менен кызмат көрсөтө алат. Линия ээсине маршрутканын ордуна лизингге автобус киргизүү шартын талап кылабыз. Эрк болсо бул чечиле турган маселе.
Буйуртма: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү.