У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Өнүгүү-Прогресс” шаардын жаӊы облигин жаратат!


Бишкекке өнүгүү керек!
Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн маселелер көп. Ошол эле тазалыкты, шаарды каптаган кара түтүн, ышты алалы, таза абада дем алганга мүмкүн болбой баратат. Биз бул көйгөйдү кечиктирбей чечишибиз милдет. Шаардын экологиясына көӊүл буруу, эӊ башкы маселелердин бири. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 3 жагдайга өзгөчө маани берет.
 
Биринчиден түтүн, ыш шаарды каптап турбаш үчүн, шамалдын айдыӊын тоскон чар-жайыт салынган курулуштарды токтотобуз. “Розывый ветерге”   негизделген жаңы дизайндагы заманбап архитектуралык курулуштарды генплан менен гана курууну жөнгө салабыз. 

Экинчиден, бир адамдан бир көчөт долбоорун ишке ашырып, шаарга 1 миллион көчөт отургузууну ишке ашырабыз. Бул кадам Бишкектин жашыл шаарга айланышына көрк берет. Ошол эле кезде таза абаны камсыздоого мүмкүндүк жаратат. 

Үчүнчүдөн абанын булганышына азайтуу үчүн жеке секторлордун баардыгын газ менен камсыз кылабыз. Ошондой эле, коомдук транспортко көӊүл бурабыз. Троллейбустардын, газ менен жүргөн автобустардын санын көбөйтүүнү колго алабыз.
 
"Өнүгүү-Прогресс" №15 Туура тандоо

Буйуртма: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter