22-июнда Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Сессияда жергиликтүү кеңештин депутаты, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдун уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык мэриясынын ишин сынга алды.
“Мэриянын ишинин жыйынтыгы нөлгө барабар. Сиздер тийиштүү чараларды көрбөй, коронавирус жайылып жатат. Эпидемияга каршы кандай чараларды көрдүңүздөр? Сүрөткө түшкөндөн башка эмне кылдыңыздар? Мен ресторандар жөнүндө айтайын, өзүмдүн кафем бар, сиздер ал жакка бир да жолу текшерүүгө барган жоксуздар. Ал жерде иштегендер маска кийбейт, официанттар менен кафелердин администраторлору да маскасыз жүрөт. Барып аларды текшергиле, аларга айыппул салгыла,”-деди ал.
Вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова ишкерлер аларга баш ийбей, мэрия киргизген эрежелерди сактабай жатканын айтты. Анткени сантитардык эрежелерди сактабаган мыйзам бузууларга айыппул өтө аз.
"Айыппул өтө аз - 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып салынат. Ишкерлер санитардык эрежелерди сактабай, мэриянын чечимдерине баш ийбей жатат”,-деди ал.
Ташиев муниципалитеттин ыйгарым укуктары бар экенин, ишкерлер мэрияга баш ийбей коё албай турганын айтты.
Сиздердин колдо бийлик бар. Сиздерге дагы эмне керек. Ишкерлер мэрияга баш ийбей жатат дегенге ишене албай турам”,-деп жооп бери Ташиев.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб 1-июлдан баштап Жалал-Абад шаарындагы ресторандарды убактылуу жабуу чечимин кабыл алды.