Шаардык кеңешке шайлоо кийинкиге жылдырылышы мүмкүн
- 22.06.2021, 17:38,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Үч шаарда - Бишкек, Ош жана Токмокта кайталап шайлоолор жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Оорулардын саны өсүп жатат жана адистер июль айынын биринчи он күндүгүндө эң жогорку чекке жетет деп божомолдошууда.
"Эгер мындай көрүнүш улана берсе, биз үгүт өнөктүгүн жок дегенде бир айга жылдырууну сунуштайбыз", - деди БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.
Ал кошумчалагандай, жергиликтүү бийлик шайлоону уюштуруп, бардык күч-аракетти ушул жараянга багыттагандан көрө, калктын ден-соолугун сактоого көңүл бөлгөнү оң.