Нурболот Үсөнбаев: Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда
- 15.12.2020, 13:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда коронавирус менен ооруган учурлар бир аз азайган. Бирок, ошол эле учурда, абал кыйла жогорку темптер менен турукташууда. COVID-19га байланыштуу эң курч кырдаал Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында.
«Эпидемиологиялык абал азыр да курч бойдон калууда. Ошондуктан биз жарандарды профилактикалык чараларга көңүл бурууга чакырам: маска режими, антисептиктер жана социалдык дистанция. Биз жалгыз эмеспиз. Айрым өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатат», - деп эскерди Нурболот Үсөнбаев.