У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Алмамбет Салиевдин мүлктөрү...


Президенттин аппараттынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевге байланыштуу адамдардын атына катталган кыймылсыз мүлктөрүнүн жалпы баасы 900 миң долларга  бааланат. Бул тууралуу 21-июнда АКИpress агенттиги күч органдарындагы өздүк булактарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Салиев мүлктөрүн тастыкталган киреше булагы жок туугандарына жана аффилирленген адамдарга каттап койгон.

 Салиевдин бир тууганын күйөөсүнө катталган мүлктөр:
- Ч.Айтматов проспектисиндеги №91 үйдөгү квартира. Ал жакта Салиев өзү жашайт;
- Элебаев көчөсүндөгү бүтө элек объект (паркинг);
- бүтө элек объект — Элебаев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай;
- Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү квартира;
- Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү дагы бир квартира.
Ошондой эле Салиевдин аялынын эжесине Матросов көчөсүндөгү турак үй катталган (наабайкана).

Мындан тышкары, «Астра Плюс» ЖЧКсы Ош шаарында көп кабаттуу үй куруп жатканда Салиев инисинин жубайы М.Г. аркылуу Навои көчөсүндөгү «Датка» турак жай комплексинин курулушуна катышуу жөнүндө келишим түзгөн. Тактап айтканда 50 млн 247 миң сомго бааланган офистер үчүн ыңгайлашкан 844,5 чарчы метр аянтты сатып алган.

2016-2020-жылдардагы кирешелер жөнүндө декларацияларда Салиев иштеген жеринен гана киреше аларын көрсөткөн. Ошондой эле жылкы, ири мүйүздүү жана кичи мүйүздүү малдан түшкөн кошумча киреше булагы бар болчу.

Ага ылайык, Салиев 2016-жылы 137 миң сом, 2017-жылы 1 миллион 116 миң 286 сом, 2018-жылы 2 миллион 672 миң сом, 2019-жылы 1 миллион 910 миң сом, ал эми 2020-жылы 2 миллион 358 миң сом киреше тапкан. 

Анын 2016-жылдан 2020-жылдагы жалпы кирешеси 8 миллион 195 миң 939 сомду түзгөн.

 Салиев 16-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. 

Булак: akipress.org



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter